Кытай уруусу тууралу менеин макалам.

Аватар пользователя Усупбаев

-1-
Бээжиндеги(Пекиндеги) кыргыздардын калтырган тарыхы жана далилдери.
14.04.2012-ж.мен азыркы кытай мамлекетинин борбору Бээжинде (Пекин)шаарында бир жума болуп,мурунтадан бери максат кылып жүргөн кыргыздын сол канатынын кытай(тарыхта кидань-темир) уруусунан чыккан Чынгызкандын биларманы(акылманы) Элүү Чусцай(тарыхта узун сакал деген ат менен маалым), бабабыздын көрүстөнүнө жана 1120-ж.кытай(кидань)уруусунун Ляо(болот) дөөлөтү курган Тяньин бурана мунарасына барып зыярат кылып келдим.
1120-ж..Ляо(болот)империсы курган,Бээжиндеги Тяньин бурана мунарасы.Ляо империясын кыргыздын сол канатынын кытай(кидань)уруусу 907-1125ж.азыркы Кытай мамлекетинин ордунда курган.
1261-ж.Кубулай кандын(Чынгызкандын урпагы) жардыгы менен,Элүү Чусцайдын бейитинин жанына таштан койулган эстелик(күмбөз). Бээжиндеги Ихы Юань деген тарыхый маданият жана эс алуу багында экен.Бул бак Цзин империясынын убагында курулган экен. 
-2-
Биз тарых,санжыра жазган кыргыздардын инсандары дайыма тарыхты жазганда тарыхый булактарга таянып жазсак жакшы болот эле дейм,себеби акыркы убактарда,тарых,санжыра деп эле оюна келгендерди жазгандар көбөйүп кетишти.Айрыкча өзүнүн уруусунун санжырасын билбей туруп,мен санжырачымын дегендер да көбөйдү.Мен кайрылаар элем тарых,санжыра жазгандарга, туура көрсөңүздөр тарыхый булактарга таянып,ар кимиңер өзүңөрдүн урууңардын тарыхын жана санжырасын жазсаңар жакшы болот эле деп.Эгерде биз далилдүү жазсак, аягында кыргыздын чындыкка жакын тарыхы чыкмак деп ойлойм.Мен дайыма өзүмдүн кытай уруумдун тарыхына кызыгам жана чындык тарыхын жазууга далалаттанам.Жазаардын алдында дайыма жаратканым Көкө Теңириме,жаратылыштын касиеттерине жана бул жалгандан өтүп кеткен ата-бабаларымдын,апа-энелеримдин,таята-таяне,аке-үкөлөрүмдүн жана эже-карындаштарымдын арбайларына кайрылып тилек айтам,суранам алардын колдоосун,элиме туура,чындыка жакын тарых жана санжыра жазылса экен деп.Тарых,санжыра бири-бирине эриш- аркак болуш керек,аягында туура,далилдүү бурбаланбаган тарых жана санжыра чыгышы керек.
Урматтуу окурманым эмесе мен Бээжиндеги,биздин бабалардын бизге калтырып кеткен эстеликтери тууралу жазайын.Мурунку өзүмдүн жазган эмгектеримде Чынгызкандын,Элүү Чусцайдын кытай(кидань-темир)уруусунан экендигин тарыхый булактардын негизинде далилдегем,ушул жерден дагы бир далилди жазып кетүүнү туура көрдүм. 
Казактын Калибек Данияров деген тарыхчысынын “История отечество” 2000-жылы Алматыда чыккан китебинин 209 б.мындай деп жазыптыр:Кытай мамлекетинин тарыхында,Чынгызкан кытай деп берилет,ал эми казактын уруулары Чыгызкандын мамлектин түзгөн,бул кытай уруулары деп.”Казак эли ким”деген эмгегимде,мен боордош казак эли кайдан чыккандыгы тууралу далилдерди келтиргем.Казак элинин негизги ууруларынын көбүн,кыргыз уруулары түзөт.Кытай уруусуна кирген уруктардын көбү өзүнчө уруу болуп берилип калган,алар бул уруктар,кытай уруусунун ичиндеги: бөгөжү- боржигин, кыйра -кыят, таялмыш-тайжуут, кертеней-керейит,кара кесек,төрт кара.Акыркы убакта Чынгызканды талашуу күчөп бара жатат.Айрыкча азыркы кытай мамлекети,казак,орус элдерини талаштары күчөөдө.Кытай мамлекетинин талашы,Чынгызкан кытай(кидань)деген элден,алар биздин жерде жашаган,кытай деп аталып жатпайбы деп талашса,казактар,биз кытай деген уруудун урпактарыбыз десе,ал эми орустар биз кидандан чыкканбыз деп талашып жатышкан учурлары.Чынгызкандын бул элдерге тийешеси бар,анткени бул элдердин кээ бир бөлүктөрү,кыргыздын кытай(кидань)уруусунан чыккандыгы чын,муну тарых тастыктайт.
Ушул эле китептин(К.Данияров) 211-б. кыргыздын сарыбагыш уруусу,кыргыздын найман уруусунан чыгат деген жакшы далилдер келтирилген экен.Ал эми найман уруусу,кытай(кидань)уруусуна кире тургандыгын Лев Гумилев өзүнүн “Поиски вымышленного царства” деген китебинин132,133,170,171 б.б.далилдүү далилдерди келтирген.Бул далилдерди тастыктаган маалыматтарды да, мен кийнчирээк толугураак жазамын.Азыркы кытай мамлекетине кытай деген аталышты убагында,кыргыздын сол канатынын кытай уруусу бийлик кылып турганда башка мамлекеттер ханцзууларды кошо кытай деп атап калышкан,бул тууралуу да тарыхый далилдер көп,буга да токтолбойун.Кызыккан окурмандар интернетке кытай же кидань деп кирип таап окусаңыздар болот,азыркы кытай мамлекетинин аталышынын чыгышын.Тарыхта жок башка кыргыз урууларынын ханцзууларды башкаргандыгы.Кытай(кидань)уруусу убагында 
-3-
азыркы Кытай мамлектинин оордунда,биздин доордо Тан,Ляо,батыш Ляо(орто азияда) деген империяларды курган.
Манас эпосубуз,бул көп катмарлуу биздин тарыхыбыз.Манас эпосубуздагы,кыргыздардын Бээжинди(Пекинди),басып тургандыгы тууралу маалыматтар,мына ушул убактарга туура келет.Мен бул жерден Манас биздин доордо жашаган дегенден алысмын.Манас бабабаыздын жашаган доору,коло доорунун өнүгүп турган убагына туура келет.Бул тууралу “Кытай уруусунун санжыра тарыхында”далилдерди келтиргем.Манасчылардын көбү санжыраны,тарыхты жакшы билишпейт,ушул себептен кыргыздын көп катмарлуу тарыхын,Манас бабабызга байланыштырып айта беришет.Мисал катары келтирип кетейин,биздин атактуу улуу манасчыбыз Жусуп Мамай атабыздын Манас эпосунда Акбалтанын карындашы Чыйырдыны,өзүнүн тууганы Жакыпка аялдыка бергендиги айтылат.Жакыптын Магдум деген аялы өзүбек элинин жесири,ал эми Бакдөөлөт тажик элинин кызы,ошол убактагы калмактардын кыргызка кылган зордук зомбулуктары тууралу айтылат.Мындай Манас айтылыштарды да,Сагынбай Орозбак уулу,Саякбай,Каралай уулу да тастыктайт.Жакыптын Чыйырдыга үйлөнүшү,кыргыздын санжырасына туура келбейт,кыргызда жети атасын билүү,жети атага чейин үйлөнбөө деген мыйзам бар.Бул жерден ислам дининин мыйзамдары кирип кеткен,себеби манасчылардын көбү ислам динин кармашкан инсандар.Айрыкча ислам дини күчөп турган убакытта эшендер,кожолор,манасчыларды коркутуу-үркүтүү жолдору менен,ислам динин коштуруп,күчөттүрүп айттырышкан.Буга мисал санжырачы Сапарбек Закиров агабыздын “Кыргыз санжырасы”китебинин 367-б.жазылганды жазып кетейин “Азиз-кожо,эшен,Ажыбек датканын алдында:-Ырчы(Балык ооз манасчыга айтып жатканы),сиз мындан кийин мусулман динине кирбеген кандарды,элдерди айтып жүрүүчү болбо.Мусулман болгон,ислам дини үчүн урушкан,талашкан кандарды,элдерди айтсаң чоң сооп кыласың,жаның жаннатта болот.Муканбед байгамбар,Азирет Аалы Шерди(Муканбед пайгамбардын бир туушканынын баласы,Муканбед пайгамбардын кызы Фатимага үйлөнгөн,бир сөз менен айтканда аталаш карындашына үйлөнгөн)кошуп айтсаң деди.Мурунку бутпарас болгон кандарды,элдерди айтсаң каапыр болосуң,күнөкөр болуп жаның тозокко болоду-деди эшен.Дал ошол эшендин сөзүнөн кийин Балык ооз”Манаска” ислам динин көбүрөөк кошуп айтып калганын мойнуна алат.Арабтар,алардын аталаш туугандары эврейлер туушкандарына үйлөнүшө беришет.Мисалы Ибрайим пайгамбардын өзүнүн аталаш эжеси Саарага үйлөнгөндүгү,Мухамбет пайгамбар бубасы(4 атасы)бир эжеси Кадичага үйлөнгөндүгү,Фатима деген кызын,бир тууганынын баласы Алиге катындыка бергендигин тарых тастыктайт.Ал эми тажик эли VIII кылымда(Л.Гумилев”Конец и вновь начало”101-б.),өзүбек эли тарыхта XVI кылымда эле пайда болгон элдер.Мен булардын далилдерин “Түрк эли менен кыргыз элинин айрымасы” деген эмгегимде тарыхый булактардын негизинде тастыктагам.Бакдөөлөт,Каныкей апалар тажик элинен эмес,кыргыздын суу мурун уруусунун тэжик деген уругунан болушат.Манастын убагында калмак деген эл болгон эмес.Калмак деген элдин аталышы “калып калган эл”деген аталыштан келип чыгат.Бул элдин чыныгы аты тарыхта жунгарлар(ойроттор).Жунгар деген жердин аты,азыркы кытай мамлекетинин түндүк батышында жайгашкан”жунгар түздүгү”,ошол жерде жашагандарды жунгарлар же ойроттор деп аташкан.Булар XVII-XVIII кылымдарда Ойрот кандыгын түзүшкөн,жаңы пайда болгон эл.Булардын негизин динлиндер, сарттар(уйгурлар) жана гунндар(күн) элдери түзөт.Буларга кирген уруулар:дербеттер,торгуттар,хошуттар,захчиндер,чоростор(бул уруу кыргыздын ичинде 
-4-
көп),баяттар.Манас бабабыз кытай(кидань)уруусунун,төмөн тамга(эн тамгасы” ┬ ”)ногой уругунан экендигин ,мен “Кытай уруусунун санжыра тарыхында” далилдерди келтиргем.Азыркы кыргыздын 90% жакын уруулары,ушул кытай уруусунан чыгат,ушул эмгегимде далилдеримди келтирем. .(Эдуард Паркер.Татары.История возникновения великого народа.Киргизы 1174-б.)Ал эми Манастагы Коңурбай,Алманбеттер кытай(кидань) уруусунун жогору тамга(эн тамгасы “┴”),кыйра(кыят),кара кытай уругунан.Уруулар ичиндеги согуштар,мурунку доордо да жана азыркы доордо да болуп келген.Буга мисал сарбагыш уруусу менен бугу уруусунун согушу мисал.Алманбеттей баатырдын Манаска келип кошулушу жөн жерден эмес,Алманбет,Коңурбайга таарынып,өзүнүн тууганы Манаска келген.Манасты калмак менен согушкан деген маалыматты СССР мамлекети менен азыркы Кытай мамлекетинин достугу жакшы өнүгүп жаткан убагында,достукка залака кетпесин дешип,калмак менен согушкан деген маалыматтарды айттырышкан. Ал убактагы манасчылар,санжырачылар, тарыхчылар кыргыздын тарыхын,санжырасын билген эмес,ал убактагы жана азыркы тарыхчылардын көбү КПСС тин тарыхын окушуп,кыргыздын илгерки тарыхын көбү билишбейт.
Калмактар Орто азияда үстөмдүк жүргүзүп турганда,ошол убактагы Кокон хандары,кыргыздын кыйтай(кидань)уруусунун өкүлдөрү болушкан.Кытай мамлекетин ошол убакта Цзин империясы(манжу менен кидандарь)башкарып турушкан.Манжу менен кидандарь, түбү бир атанын балдары,тарыхка тунгуз-манжур элдери делинет.(Лев Гумилев”Поиски вымышленного царства”62-63бб.)Манжулардан чыккан татарлар(кара ногойлор),маңгыттар,кыргыздын ичиндеги жетиген,чекир саяк уруулары,европадагы Шведдер(тарыхта илгерки эл шибейлер). Тарыхта биздин доордо ханцзуу элин(азыркы кытайды) убагында манжулар жана кыргыздын кытай уруусу(кидандарь) башкаргандыгы, кийин тарыхта монгол(азыркы монгол эли эмес)элинен чыкканЧынгызкан жана анын урпактары башкаргандыгы тууралу маалыматтар бар экендигинде. Ушул жерден түшүнүк берип кетейин “монгол”деген сөздүн кайдан чыккандыгын.Улуу тарыхчы Б.Зориктуев,Мангу(Амур-Өмүр) дарыясынын жээгинде жашаган элдер деп түшүндүрмө бергендигин.Өмүр дарыясынын боюнда,ошол убакта көптөгөн (миңдеген)көлдөр болгон экен,ошол миң көлдөрдүн жээгинде жашаган элди монголдор деп тарыхта аталып калган. (Истрия степей.Автору С.Акимбеков.129б.)Тарыхый маалыматтарга таянсак кыргыздар скифтерден (сактардан)- гундардан ,динлиндерден, , чыккандыгы белгилүү.Орустун улуу тарыхчысы Бичурин Н.Я китебинин 1 томунун 39 бетинде гундар-булар монголдордун(азыркы монголдор эмес) илгерки аты деп берилет.Ушул эле китептин 385 бетинде улуу монгол империясын негиздөөчүлөрү, (азыркы монгол эли эмес) тунгус элдери дейт.Тунгус элдерин,ушул эле китептин 389 бетинде минтип жазат”Они еще назывались Мынву,и считались народом сильным и храбрым.Отсюда видно,что они принадлежали к числу тех тунгусских поколений,потомки которых ныне обитают по обеим берегам Науна,под родовым названиям дахуров или даурцов(булар кидандарь,кыргыздын кытай уруусу ,тарыхта дагы сяньбилер деп да берилет)”.
Сяньбилер,булар кыргыздын кытай(кидань)уруусу.Л.Гумилев”Поиски вымышленного царства”55-б.Сяньбилерден,кыргыздын көп уруулары чыгат,мисалы:Төбөй,авад ж.б. 
Ойроттордун мамлекетин жок кылууда Цзинь империясынын аскери,Кокон хандыгына туугандык жардамга келишип 1750-1760жж.биргелешип Ойрот кандыгын жок кылышкан.Мына ошондо көп жунгарларды кыргыздар,казактар кулдукка алып калышкан.Кийин кыргыз,казактардын урууларынын ичине сиңишип кеткен.Кээ бир жунгарлардын тайпалары өздөрүнүн көз карандысыздыгын кыргыздар менен болгон 
-5-
келишимдеринин негизинде сактап калышкан,алар калмактар деп аталып калган. Урматтуу окурманым өзүңүз деле байкагандай болуп калдыңыз,Манас эпосубуз кыргыздын көп катмарлуу тарыхы экендигин.Эгерде Манас биздин доордо болсо анда тарыхый булактарда калмак Адыл(Атилла),Темирчи(Чынгызкан)бабаларыбыздай болуп.Коло доору биздин доорго чейин 4000ж.Ал убакта,семит элдеринин(эврей туушканы араб элдеринин) аты-жыты да жок болгон.Семит элдеринин(эврей)жыл санагы бойюнча ааламдын жаралганына 5774-ж.быйыл болду деп,өздөрүнүн жыл санагын далилдешип келе жатышат.Аалам жаралганда эле адам баласы жаралган жок да.Мейли аалам жаралгандан кийин адам 1000-ж.кийин жаралсын.Ошондо булардын санжырасы бойюнча адамдын жаралганына 4774-ж.болгон экен да.Мукамбед байгамбардын санжырасы боюнча,Мукамбед пайгамбар адам атанын 44 урпагы экендиги далилденген.Тарыхый жыл санак бойюнча ар бир муундун ортосун 30-ж.деп эсептешет.30-жылды,44 муунга көбөйтсөк,адам ата менен Мукамбед пайгамбардын ортосу 1320-ж.Муканбед 632-ж.төрөлсө,анда адам ата биздин доорго чейин 688-ж.мурун эле пайда болгон экен да. Таң каласың булар өздөрүнүн ааламын,адамын кай жерде жаратты деген ойго келесиң.Ал эми тастыкталган тарыхтардын негизинде,биздин бабалар бери дегенде эле,аталык доордун башталышы 8000-ж.илгери эле итти,атты үйрөтүп,дөңгөлөктү ойлоп таап мамлекеттерди куруп,жердин бетин ээлеп,турмуш куруп келгендиги аныкталган. Манас бабабыз коло доорунда Теңирчилик дүйнө таанымында жашап өткөн.Ушул себептен,Манас бабабыздын анты:”Аткарбасам антымды,Төшү түктүү жер урсун,Көкө Теңир өзү урсун!деп айтылган.
“Түрүк менен кыргыздын айрымасы эмнеде” деген эмгегимде, Бээжин шаарындагы Тяньин,Ак Бешимдеги(Токмок шаарынын үстүндөгү),Өзгөндөгү,Үргөнч,Бухара шаарларындагы бурана мунараларды, убагында кыргыздын кытай уруусу,кыргыздын сегиз уруусунун башын бириктирип, башында турушуп, улууТан, Ляо,батыш Ляо империяларын курган жана ошол убатарда бурана мунараларды салгандыгы тууралу жана бул мунаралар ошол сегиз уруудун эркектеринин кесилбеген жыныстык мүчөсүнө арналып салынгандыгы тууралу тарыхый далилдердин негизинде, жогорку эмгегимди жазгам,кененирээк ошол жерден окусаңыздар болот. 
Бээжиндеги Элүү Чуцсайдын бейитине зыярат кылганы барсам,көрүстөн жабык экен,сураштырсам азырынча саякатчылардын кирүүсүнө болбойт деген жоопту беришти ал жерде иштегендер.Мен алардын чоңдоруна кайрылдым,менин көрүшүм абзел экендигин,мен бул жалгандан өтүп кеткен инсандын урпагы экендигимди жана атайын келгендигимди түшүндүргөндөн кийин,алар эки саатка чейин мени кармашып,өйдө жактагы чоңдоруна чалып жатышып,уруксат алгандан кийин, аягында мага эртеси саат 15-00 дө келүүмдү кабарлашты.Эртеси белгиленген убакта колума гүл алып, Элүү Чуцсай бабамдын бейитине келсем,мени ханцзуулардын төрт кызматкери тосуп алышып,бабабыздын жайын көрсөтүштү.Мен алып барган колумдагы гүлүмдү Элүү Чуцсай бабамдын бейитине коюп,кыргызча арбайына кайрылып тилек айттым.Тилегимде арбайы кыргыз жеримди,элимди,жэкжааттарымды,тууган-уругумду,менин үй-бүлөмдү колдоосун сурандым.Кээ бир менин момун мусулман окурмандарым,туура эмес түшүнүшүп,эмне үчүн арабча куран окубайт деши мүмкүн,себеби Чынгызкан жана Элүү Чусцай бабаларыбыз Теңирдин жолунда болушкан.Чынгызкандын киносун көрсөңөр,ал жерде Чынгызкан Теңирге сыйынып жаткандыгын көрсөңөр болот.

-6-
Элүү Чусцайдын күмбөзүнө кире турган эшиги.Жанымдагы Утя Жуң деген ошол жердин кызматкери.Утя Жуңда кидань экен,экөөбүз тууган болуп чыктык.
Чынгызкан өзүнүн бийлигин өткөзүп жаткан убагында,башка диндерге түшүнүү менен караган.Башка динди кармаган элдерге куугунтук жасаган эмес.Бирок ошол убакытта да,семит элдеринин(эврей,араб)диний өкүлдөрү,аябагандай чоң,Теңирчилик динине каршы иштерди тымызын жасашкан.Буга мисалдар көп.Чынгызкандын урпактарын байлыкка,өздөрүнүн сулуу кыздарына кызыкдар кылышкан.Буга мисал катары Чынгызкандын урпагы,Өзүбек кандын апасы эврей элинин кызы болгон.Кийин Өзүбек кан болгондон кийин,өзүнө караштуу элин 1312-ж. ислам динин алууга мажбур кылган.(Л.Гумилев”Поиски вымышленного царства”167-б.)
Теңирчилик дүйнө тааным(дини),кыргыздын канына сиңген,биздин күнүмдүк жашообуз менен бирге жашап келе жатат.Теңирчилик дининин негизин кыргыздын жери,тили,Манасы,ж.б эпостору, үрп-адаттары,каада-салттары, тамак-аштары,ак баталары жана акындык өнөрү, комуз күүлөрү,ар түрдүү чүкө,ат менен байланышкан ж.б. оюндары түзөт.
Тарыхта биздин доордун IV-V кылымдарында несториан дини деген болгон,бул динге кытай(кидань)уруусунун бир бөлүгү кирген деп,тарыхый булактарда жолугат.Мындай далилдерге мен кошула албайм,себеби биздин бабабыз Адыл кан(Атила)Рим империясын 451 –ж.чөгөлөтүп,Теңирчилик динин алдырган,буга көптөгөн далилдер бар.Мен “Кытай уруусунун санжыра тарыхында далилдерди келтиргем.Несториан дининин,белгилери Теңирчиликтин белгилери:ортосунда күн,күндөн төрт нур чыгып турат.Кыргыздын боз үйүнүн түндүгү.

Бул сүрөттө мен Элүү Чуцсайдын бейитине койгон гүлүм. 
-7-
Көрүстөндүн эшиги дайыма темир тор менен жабылып турат экен.
Мүрзөнүн үстү кадимки кыргыздардын мүрзөсүнүн үстүндөй дөбө(боз үйдөй)мүрзө.Тарыхта кыргыздардын мүрзөлөрүнүн үстү ушундай , боз үйдөй кылып топуракты үстүнө үйүп койюшат.
Бул эки ыйык жерден сүрөткө тартылып алган сүрөттөргө окурманымдын көңүлүн бургум келет.Мен кытай уруумдун нукура тарыхый санжырасын жазган эмгегимде,кытай уруумдун эн тамгасы тууралу көп далилдерди келтиргем.Дагы да окурманымдын ээсине салып кетейин. Окурманга түшүнүктүү болуш үчүн кытай атабыздын эки уулу болгон: Биринчи баласы Байтике,канцзууча аты Абаоцзи,Ляо(болот)империясынын императору болгон.Ляо империясы 907-1125ж.ж чейин азыркы Кытай мамлекетинин ордунда болгон(жогору тамга, эн тамгасы” ┴ ”), экинчи баласы Буудай (төмөн тамга,эн тамгасы” ┬ ”).Эки тамганы кошкондо “ + “ кошуу(крест) болот.
Бул Бээжиндеги Тяньин бурана мунарасынын капталынан тартылган сүрөт.Мына бул сүрөттө да “ +” жана аруу(арий)элдеринин белгиси көрүнүп турат .

Бул сүрөт Элүү Чусцайдын көрүстөнүнөн тартылып алынды.Экиден “┴” “┬ “эн тамгалардын кошулмасынын ортосунан аруу(арий)элдеринин белгиси көрүнүп турат..

Бул сүрөт Тяньин бурана мунарасынан тартылып алынды.Бул жерде да экиден “┴” “┬ “эн тамгалардын кошулмасынын ортосунан аруу(арий)элдеринин белгиси көрүнүп турат.Экиден “┴” “┬ “эн 
-9-
тамгаларынын болгондугунун себеби мындай:Азыркы кытай мамлекетинде жашаган кытай(кидань)уруусунун жогору тамга“┴” жана төмөн тамга “┬ “ жана азыркы СНГ мамлекеттеринде жашап жатышкан кытай(кидань) уруусунун жогору тамга“┴” жана төмөн тамга “┬ “ кытай уруусунун белгилеринин кошулмасы.
Өйдөңкү сүрөттөрдөгү аруу(арий)элдеринин оңго айланган белгиси.

Бул сүрөттөр Элүү Чуцсайдын күмбөзүнөн тартылып алынды.Бул жерде да көрүнүп турат “ + “жана аруу(арий)элдеринин колдонгон белгилери .Өйдөңкү сүрөттөрдө аруу элдеринин белгилери сары жана көк боёктор менен боёлуп турат.Бул сүрөттөгү аруу(арий) 

-10-
элдеринин белгиси кыргыздын кытай уруусуна тийешелүү белги экендигинде ( солго жана оңго айланган белгилер) талаш жокко дейм.Тарыхта бул аруу элдерини белгилери , шумер элдерине тийешелүү экендигин тарых тастыктайт.Ал эми бул белги кытай уруусунун белгилеринин кошулмасынан чыгып жаткандыгын эске алсак,анда шумер элдеринин тикелей урпактары кыргыздын кытай уруусу экендиги тастыкталып жатпайбы.Бул белгинин түшүндүрмөсү теңирчилик дүйнө таанымы(дини) дегенди жана адам баласы күндүн нурунан,жерден,суудан,абадан жаралат дегендигинде.
Эң кызыктуусу кыргыздын кытай(кидань) уруусунун өйдөдө келтирилген эн тамгалары Орто Азия жана Казахстанда IX-XVI салынган баардык мечиттерде,күмбөздөрдө(мавзалей) бардыгында.Эң көбү Самаркандагы мечиттерде жана күмбөздөрдө(Көр Эмир,Бүбү каным,Улугбектин медресеси ж.б.)Афрасиаб шаарындагы Шах зынданда,Бухарадагы акыркы эмир Ситора Мохи Хоссанын салган Калян деген мунарасында,Түркүстан шаарындагы кожо Ахмед Яссауинин күмбөзүндө(бул күмбөздү 1399-ж.Темирлан салдырган).Кокон шаарындагы Кудаяр кандын ордосунда да,аруу(свастика)белгилери бар..Аруу(арий)элдеринин белгиси,күндүн белгисин(чексиз айлануу) туюндурат,тарыхтагы гун(хун) же тагыраак күн элинин белгиси(атабыз күндүн нуру,энебиз жер,каныбыз суу,жаныбыз обо)теңирчиликти кармаган элбиз,биз кыргыздар.Ал эми семит(эврей,араб) элдеринин белгиси ай.Бул жерден суроо туулушу мүмкүн эмне үчүн мечиттерде аруу элдеринин белгиси тартылып калган деген,буга жооп биздин доорго чейин эле Орто Азияда,азыркы Казахсандын жерлеринде биздин бабаларыбыз илгертен бери эле жашаган желер.
Бул сүрөттө Чынгызкан (Чын кыргызка кан)уулдарын 1221-ж.курултайда Сыр-Дарыянын жээгинде кабыл алууда.Абылкайыр кандын небереси Абдылатып кандын(1540-1551 ж.ж өкүм сүргөн)буйругу боюнча Масуд ибн Османый Кухистани 
-11-

жазган.Баштарына кийген кыргыздын калпактарына көңүлүңөрдү бурсаңар менин окурмандарым.
Сарттар(тажик,уйгур,өзүбектер(өзүбектердүн негизин кидандарь түзөт ал эми калгандарын индия,персиядан,арабтардан биздин бабалар айдап келген кулдар.Ушул кулдар тууралу болуп жатат).Башына төрт бурчтуу топу кийген элдер,булар сарттар болушат.Сарттар деген аталыш,жат,тат(башка эл) бул элдер соода сатыка жакын болгону үчүн кийин сат- сарттар деп аталып кеткен.Булардын топусунун төрт бурчтуулугу,кыргыздын теңирчилик дүйнө таанымы жана кыргыздын кытай уруусунун эн тамгасы ┼ менен байланышат.Кулдарга кыргыздын калпагындай бийик баш кийимди кийүүгө уруксат берилген эмес,себеби калпак бийик,кара жумуштарда(чайкана ж.б.)иштегенге оңтойсуз.Сарттар тууралу Н.А.Аристов өзүнүн “Усуны и кыргызы или кара-кыргызы”деген китебинин 230-231-б.минтип жазыптыр:”Лживость и обман состовляют преобладающую черту их нравов и большая часть из них предается мошеничеству и плутовству.Вообще они отличаются крайнее скаредностью.И отцы и дети мечтают только о наживе;тех,кто богат,больше уважают,но ничто не отличает богача от бедняка.Даже обладающие огромными богатствами носят старые платья и питаются грубой пищей.Половина населения обрабатывают поля,а другая занимается торговлей” .
Эми муну кыргызча бир сөз менен айтканда,дүнүйөкор,сүткор,кошоматчы,катуу,алдамчы,өзүнөн дүнүйөсүн аяган,соода сатыкты жакшы көргөн эл деп айтса болот ко дейм..
Өйдөңкү сүрөттөрдөгү саймалар Орто Азияда жана Казахстанда салынган күмбөз,ордо жана мечиттерде колдолунган саймалар, арасында аруу элдеринин белгиси(свастика) көрүнүп турат.
Самарканд шаарындагы мечит.

-12-
Бухара шаарындагы Калян деген мунара.
Кокон шаарындагы,Кудаяр кандын ордосу.
Самарканд шаарындагы Бүбү канымдын күмбөзү.
Самарканд шаарындагы Көр эмирдин-Темирландын күмбөзү.
Баардык мечит жана күмбөздөрдүн сүрөттөрүн келтирбедим,көргүңөр келсе “Ведические символы Средней Азии и Казахстана”деген сайтка кирсеңер табасыңар.
Бул аруу элинин белгисин Гитлер ,Германия мамлекети үчүн колдонгон белги,себеби Гитлер өзүн аруумун(арий )элиненмин деп далилдеген,кызыксаңар немис элинин бизден чыккандыгы тууралу,гректин улуу ойчулу,тарыхчысы КорнелийТацитдин эмгегинен окусаңыздар болот.Гитлердин өзүнүн айтканын ушул жерден туура көрдүм жазып кетүүнү. “Один раз в год можно будет проводить по столице отряд киргизов,чтобы глядя на ее каменные памятники,они получили представление о мощи и величии Германии”.Д.Мельников,Л.Черная.Преступник номер 1.Нацисткий режим и его фюрер.М.с.353.
Гитлер билген,дүйнөдө бир гана кыргыз эли бар улуу тарыхка ээ болгон,ошол себептен кыргыз эли жетпеген ийгиликке биз герман эли жеттик деп мактангысы келген.
Дагы бир тарыхий маалымат.1810-ж. немиц элинин Йозеф Гёррес деген окмуштуусу өзүнүн “Мифологии азиатского мифа”деген китебинде минтип жазыптыр “Вся европейская культура покоится на греческой,а греческая-на азиатско-мифической”Кикишев Н.И.Метаистория.3-б.Муну тарыхый булактар да 
-13-
далилдейт.Мисалы үчүн казак элинин тарыхчысы Нарымбаева А.К.өзүнүн “Туран-колыбель древних цивилизации”деген китебинде абыдан жакшы жазган экен,тарыхый булактарга таянып.Мурунку эмгектеримде үзүндүлөрүн жазгам.
Урматтуу окурманым силердин көңүлүңөрдү ушул эн тамгаларга буруп жатканым,тарыхтагы эн тамгалар кыргыз урууларына кана тиешелүү экен.Ар бир уруудун өзүнүн эн тамгалары болгон жана ошол эн тамгаларын өзүнүн малдарынын кулагына базышкан,кокустан аралашып кетишсе таап алыш үчүн.Адам баласы жаралганда эле отурукташып,жерди айдап,өсүмдүктү себип,өстүрүп,андан кийин тамагына пайдаланган эмес да.Адам баласы биринчи аңчылык менен оокат кылган,андан кийин үй жаныбарларын кармаган,мына ошол убакта үй жаныбарлары(малдары) башкалардыкына кошулуп кетпесин деп,эн тамгаларды ойлоп тапкан.Эн тамгасы бар элдер,кул ээлөөчүлөр болгон. Бул эн тамгалар абыдан жөнөкөй болушкан.Акыркы убакта кээ бир кыргыздын урууларынын өкүлдөрү татаал сызыктар менен коштолгон эн тамгаларды калпактарына салышып кийип жүрүшөт,бул илгерки тарыхка төп келбейт.Өзүңөр ойлоп көрсөңөр,ошондой татаал оймо-чиймени малдын кулагына кантип салууга болот,бул аша чапкандык.Мен кытай уруумдун эн тамгасын тарыхый булактардын негизинде,мурунку жазган эмгектеримде чагылдырып бергем.Кытай(кидандарь) уруусун тарыхта 8 чоң уруктар түзгөн экен,кийин алар өзүнчө чоң урууларга айланган.Бул уруулар кыргыздын сол канатына кирген 8 уруулар(кытай,саруу,кушчу,төбөй,жетиген,чоң багыш,базыс,мундуз).
Кыргыздын сол канатынын кытай(кутай)деген аталышынын чыгышы тууралу,өткөн эмгегимде чагылдыргам.Дагы ага кошумча изилдөөнүн негизинде табылган аталыштарын жазып кетейин дедим.Орустун тарыхчысы Н.Кикишевтин. “Метаистория”деген китебинин 4-б.минтип жазылыптыр шумер элдери тууралу “Название реки Колымы хранит для нас первоначальное название Шумера(калама).Междуречье Индигирки и Колымы изобилует именами шумерских богов”.Шумер элдери өздөрүнүн жазууларын ылайдан жасаган тактайчаларга же кыттарга жазышкан жана батыраак кыттар кургаш үчүн,аларды калап(каламалап )жыйнашкан.Мына ушул кыттарды жазган жана арийлердин эн тамгасын , алып жүргөн элди, кыт,кыттар,кытай деген аталышка ээ болушкан.
Кытай(кидань)8 уруудун биримдигин түзүп убагында улуу мамлекеттерди түзгөндүгү тууралу маалыматтардын бардыгында:Хет(кыт-кытай,хыт-хытай) мамлекети,б.д.чейин 4000-ж.тарыхта биринчилерден болуп эвропада темирди өздөштүрүшкөн.Буга чейин чыхышта биздин бабалар темирдин сырын билишип,айрыкча ок жылдыздарынан(метеорит таштарынан)жазалган куралдарды колдонушкан. “Сабля Багыра.Вооружени и военное искуство средневековых кыргызов”деген Ю.С.Худяковдун китебинен окусаңыздар болот.Хет эли да ушул аруу элдеринин эн тамгасын алып жүргөндүгү жана тууган болгондугу үчүн аларга темирдин сырын биздин бабалар үйрөтүшкөн.Тохар мамлекети,б.д.чейин 3000-ж.мурун болгон мамлекет.Кушан империясы,б.з. 3 кылымында болгон мамлекет.Бул империялар кытай уруусунун,аруу(арий)элдеринин жана теңирчилик дүйнө таанымынын эн тамгаларын колдонушкан.Буга мисал катары ушул жерде жазып кетейин.Хет империясынын ордунда азыркы убакта Македония,Сербия жана башка мамлекеттер орношкон.Македондуктар азыр кидандардан чыккандыгын,Александрь Македонский(Искендер Зулкарнайын)кидань экендигин далилдешип көптөгөн тарыхый булактарга чыгарып жатышат..Ал эми Тохар мамлекети болсо азыркы кытай мамлекетинин, Синьзян автоном обласынын ордунда 
-14-
болгон. Азыркы кытай мамлекетиндеги “Такла Макан”чөлүндө 1977-ж. көптөгөн мумуялар(адамдын кургатылган сөөктөрү) табылган.Эң кызыктуусу ошол көрүстөндөргө койулган эстеликтер,жыгачтардан жасалган эркектин кесилбеген жыныстык мүчөлөрү экендиги.Өйдөңкү бурана мунаралар менен байланышы барго дейм.Тохар мамлекетинин убагындагы Сулуу “Лулан”деген мумуянын жанынан аруу(арий)элдеринин же тагыраак айтканда кытай уруусунун эн тамгасы табылган .Кытай уруусунун кийинки биздин доордогу курган империялары: Тан империясы б.з VI-VII к.Ляо(болот) империясы б.з.IX-XII-к.Батыш Ляо империясы б.з.XII-к.Чынгызкандын, Бабурдун,Темирдин империялары жана Кокон кандыгы.Мурунку эмгегимде орустун улуу тарых изилдөөчүсү Н.Я. Бичуриндин жана Л.Гумилевтин эмгекерине таянып б.з. 840-960-ж улуу кыргыз мамлекетин түзүүдө кидандардын чоң эмгеги бар экендигин жазып кеткем,бирок бул жерден эсиңерге салып кетейин.Кидандар уйгур мамлекетин талкалашып,кыргыз мамлекетин түзүүгө чоң жардам беришкен.Ошол убактагы кыргыз мамлекетинин негизин түзгөндөр:Кара кыргыздар(ириги,чоңу,кандар чыккан бизден),шор кыргыздары,хакас кыргыздары,тува кыргыздары жана кыргыз-кайсактары түзгөн.Кара кыргыздарынын негизин,кыргыздын 8 уруусу түзгөн.
Экинчи дагы бир кытай деген аталыш,кутай деп да айтылат. Бул кутай деген аталыш,кут жылдыз менен байланышы бардай сезилет.Себеби кытай уруусу 8 уруудун башын бириктирип тарыхта чыгыштан чыккан Күн(Гун)элинин тикелей урпактары экендигин мурунку эмгегимде далилдегем.Кут жылдыз болсо 8 бурчтуу болуп,астрономия илиминде негизделет.О.Айтымбетов агабыз өзүнүн эмгегинде”Кара кыргыз”деген китебинде,кытай деген сөздүн чыгышы сакага куюлган кыт деп,кытай деген эркелетип айтылган аты деп жазыптыр.Бул жерде да чоң ойдун бар экендигинде.Биздин ата бабалар чүкөлөргө абыдан аярдуу мамиле жазашкан.Чүкөлөргө байланыштуу көптөгөн ырым-жырымдар жана оюндар бар.Чүкөлөрдүн иригин, чоңун(сакасын) мен, кара кыргыздар(биз)деп элестетем ал эми чүкөлөрдү:шор,тува,хакас, кыргыз-кайсак десем ал туугандар туура эле түшүнөт ко дейм,себеби кара деген сөз ирик(чоң)дегенди түшүндүрөт,ал эми саканын кыты,кара кыргыздын кытай уруусу го дейм. Кидань деген аталыш темир,ал эми Ляо деген аталыш болот дегендерди билдирет экендигин мен өйдө жакта жазып кеттим.Убагында кыргыздын кытай уруусу жазууду,темирди жана болотту өндүргөндүгү жана ошол аталыштарды алып калгандыгы жөн болбосо керек.Илгерки адам баласынын жетишкендиктеринин баардыгын өзүмдүн кытай уруумдуку дей бергенден алысмын.Кыргыз эли энелик доордо күн(гун)элинин 40 кызынан таралганын,мен кытай уруумдун санжыра тарыхында далилдүү жазгам,ошол жерден окуп алсаңыздар болот.Күн(гун)элинин тикелей урпактары кыргыздын кытай уруусу.
Мен бул жерде өйдө жакта келтирген тарыхый булактардын негизинде ж.б далилдерге таянып туруп,кытай деген аталыштын келип чыхышы кыргыз элинин түпкү тегин же кытын(кутун) билдирген уруу экендиги десем туура эле болчудай,мындай ойго менин окурмандарым да кошулат деген ойдомун. 
Жакында “Алиби”газетасына кыргыздын тарыхын жазып чыккан Нусупов деген инсандын тарыхын окуп бир жерине таң калдым.Кара кидандар кыргызды кырган деген эч негизи жок ойлорун жазган экен.Эмесе мен бул тарыхчыга Л.Гумилевдин “Поиски вымышленного царства”деген китебинин 66-б. “Конец и вновь начало”деген китебинин117-б.С.М.Абромзондун “Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер” деген китебинин 437-438-б.жана Н.Я.Бичуриндин эмгектерин окуса деген ойду 
-15-
айтат элем.Дайыма кидандар кыргыздар менен бир туугандыкта болуп келген.Орто азияда VII-VIII кылымдарда, кыргыздын кытай уруусунун төрдөш уругу жана башка кыргыздардын уруулары болуп“Төрдөш”мамлекетин курушкан.Булар Теңирчилик дининде болушкан.Кыргыздын кытай(кидань) уруусунун,төрдөш уругу башында турган Теңирчилик динин карманган кыргыздар менен арабтардын ортосунда 751-ж.Таласта чоң согуш болгон, ошондо түрүк карлуктарынын(теги уйгур) саткындыгынын натыйжасында эки жак тең чыгып,согуш токтоп эки жака кетишкен.Ушул согушта азыркы кытай мамлектин ошол убакытта башкарып турган кидандарь Таласка биздин бабаларга туугандык жардамга келишкен.Л.Гумилев”Конец и вновь начало”98-б.
Елюй Даши императору башында турган “батыш Ляо” империсы,манжурлардан жеңилип 1125 жылы орто Азияга келип өзүнүн бийлигин уланткан.Мына ошондо кээ бир азыркы кыргыздын уруулары канында араб,перс(фарс),сарт(тажик,уйгур)бар: каңды,кыпчак,тейит,бостон,дөөлөс уруулары ислам дининде болушкан,жыныстык мүчөлөрү кесилгендигине(түрүлгөндүгүнө) байланыштуу аларды түрүктөр деп аташкан.(Шаакарим Кудайберди уулунун “Түрк кыргыз-казак хем хандар шежиреси”деген китебинин 74-б.Л.Гумилев “Поиски вымышленного царства”138-б.С.М.Абрамзон”Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер” деген ктебинин 32-33бб.).Дөөлөс (теленгуттар)уруусунун калмак экендиги тууралу маалыматтардын бардыгында.Тарыхта сарт калмактар дешет калмактарды.Көрсө калмактардын негизин уйгурлардын түзкөндүгү үчүн,аларды сарт калмактар дешет экен.(Шаакарим Кудайберди уулунун китебинин 79-б.Кеңеш Жусуповтун “Кыргыздар”деген китебиндеги Абулгазы бахадур хан бин Араб Мухаммеддин “Түрк санжырасы” 28-б.
Кыргыздын сол канатынын кытай(кидандарь)уруусуна каршы чыгышкан,алар түрүктөр арабтардын жагында болушкан.Кытай (кидань) уруусу башында турган “Теңирчилик”дининдеги кыргыз уруулары менен бирдикте,араб(түрүктөрдүн) ортосунда 1141-ж.Самаркандын жанындагы,Катван талаасында чоң согуш болгон,бул согушта арабтар( түрүктөр) жеңилишке учураган.Мына ушул согушта кыргыздын кытай уруусуна,ошол убактагы азыркы кытай мамлекетинин ордундагы манжур менен кидандардын Цин(Син) империясы жардамга келген. “Материалы по истории киргизов и Киргизии” деген китептин 76-б.окусаңыздар болот.
Бул жерден окурмандарымдын ээсине салып кетүүнү туура көрдүм XVII кылымдагы кыргыз менен жунгарлардын(калмактардын) ортосундагы согушту.Ушул согушта да Цин(Син)империясынан кидандарь келип ,жунгарларды талкалап,кайрадан кетип калышкан.Өзүңөр ойлонуп көрсөңөр,Цин империясынан келген аскерлер ,Ойрот (жунгарлар)кандыгын(калмактарды )жеңип,эми силер кыргыздар жыргап жашай бергиле деп кетип калганын.Чынында алар кетпеш керек эле да,эмне үчүн кетти?Себеби бул жердеги кытай(кидань)уруусу түзгөн Кокон кандыгына тууганча жардамга келишкен,эң негизги себеби ушул.
Акыркы убактарда мен тарыхый булактардын негизинде,кытай уруумдун тарыхын жазсам кээ бир кыргыздын инсандары туура эмес түшүнүшүп мага,-сиз баардыгын эле кытай уруусунан кыргыздарды чыгарып салдыңызко деп.Мен бул туугандарга айтаарым,силерда мендей болуп китеп издеп таап,сатып алып,көзүңүздүн майын кетирип,убактыңызды бөлүп аракеттенсеңиз,сассыган саясаттан алыс болуп,кыргыздын улуулугун айтып,аракет кылсаңыз,сиз да,кыргыз эли үчүн көптөгөн жакшы иштерди аткарат элеңиз деп.Ушул жерде окурманыма болгон бир тарыхый талашты жазып кетейин 
-16-
дедим.Уруусу саяк тууганым мага айтып калды,сиз кыргыздын кытай уруусун көкөлөтүп жибердиңиз ко деп.Ошондо мен саяк тууганыма мындай деп оюмду айтсам-“Азыркы элинин саны1млд.300 миллион Кытай мамлекетине,кытай деген уруулук атын берген урууду кандай дейсиң.Эмесе бул элге саяк деген атты бербейт белеңер силер десем,саяк тууганым көпкө ойлонуп олтуруп,аягында менин тууралыгыма кошулду.
Орус эли баскынчылык саясатын жүргүзүп келгенден бери,тексиз кыргыздардын жардамы менен, кыргыз элинин тарыхын, санжырасын өз каалаганындай кылып жазып келишкен.Мына ушул убакта да,тексиз кыргыздар,ар түрдүү оппозициялык маанайдагы курултайларды өткөзүшүп,элдин башын маң кылышып,каалаган саясатын жүргүзүшүп жатышат.Мындай акмакчылыктарга жол бербеш үчүн, кыргыз элинин бир гана жолу,көз карашы(идиологиясы) бар,ал уруучулук түзүлүш,каада-салт,үрп-адат,теңирчилик дини.Уруучулуктун негизинде ылдыйдан өйдө карай тазалануу.Кыргызды бириктире турган уруучулук.Уруучулукту оордуна келтиргенде,кыргыздын каада-салты,үрп-адаты,тили,теңирчилик дини,тарыхы жана башка касиеттери өнүгөт,биз бир бүтүн экономикабыз күчтүү мамлекет болобуз.Ууруларга жол бербейбиз,кыргыз элинин байлыгын тоноодо.
Азыркы биздин санжырабызды,убагында тексиздер,өздөрүнө тууралап чампалашкан экен,көрсө канчалык майда бөлүкчөлөргө бөлүнсө уруулар,ошончолук башкарганга жеңил болот экен да.Мисалга кыргызды үч канатка бөлүшүп:ак уул(оң канат),куу уул(сол канат),ичкилик дешип,теги жок,кайсы уруудан экени белгисиз Долондун балдары деген санжыраны убагында тексиздер чыгарган экен.Ушул эмгегимдин башында сарыбагыш уруусу,найман уруусуна ал эми найман уруусу кытай(кидань)уруусуна кирет деген тарыхый далилдерди жаздым.Мындай далилдерге дагы бир далил келтирейин:Ак уулдан Адигине, Тагай жана Муңгуш(Муңгуш эмес туурасы миңкуш) деп берилет.Бул биздин бабалар эң нары дегенде биздин доордун XV кылымына барып такалат.Ал эми ак уул деген динлиндер,бул энелик доорго (б.з.ч бери дегенде 8000-ж.)тиешелүү эл,булардан чыккан элдердин бири кыргыздын саруу уруусу(тарыхта угоро-фин элдери) .Адигине,Тагай жана миң куш тарыхый булактардын негизинде,кытай(кидань) уруусуна кирет.Манастын,Адыл(Атилланын),Чынгызкандын тикелей урпактары.Тагай бийдин балдары:саяк,черик,азык,моңолдор бакма же болбосо кул,теги жок деп берилген санжырада.Мындай айтылыш туура эмес,са

Drupal 7 Appliance - Powered by TurnKey Linux