Бугу-эне токол болсо да атагы кыйын чыккан

Russian

Санжыра боюнча биздин ата-тегибиз Тагай, Тагайдан, Кылжыр, Кылжырдан Орозбакты, Орозбактыдан беш мырза туулат. Алар: Арыкмырза, экинчиси Мырзакул мырза, үчүнчүсү Асанмырза, төртүнчүсү Токоч мырза, бешинчиси Карамырза.Беш мырзанын Мурзакул мырза дегенинен тарайбыз.  Беш мырзанын Асанмырза менен Карамырзасы мерген чыгыптыр. Булар Нарындын Ала-Мышык деген тоосунда мергендеп жүрүшүп, бир бугу атышат экен. Атылган бугунун жанына барышса алты жашар кыз ыйлап отурган экен. Алты жашар кыздын колунан биринчи болуп Карамырза кармайт экен. Олжосун алып алып кайра келатышканда кыз Карамырзага:"Биринчи сенин колуң тийди, мени сен ал" деп айтат экен.

 

Келгенден кийин Карамырза калыстык кылып, агасы Арыкмырзага кыз кылып берет. Арыкмырза багып жүрүп кыз он үч-он төрт жашка чыгып, бой тиреп калганда өзүмө токол кылып алсамбы деп көңүлдөнүп атканда, байбичеси билип калып, согум союлган күнү атайын элге угуза айтып күйөөсүнө: “Ушул бугу кызды иниң Мырзакулдун баласы Алсеитке алып бербейсиңби?” – дейт. Анан элдин көзүнчө макул болуп, эл алдында ушак болбоюн, баласынан аял талашты дедирбейин деп инисинин баласы Алсеитке алып бериптир. Ал кайыптан бүткөн бугу кыз болгон.

Алсеиттин экинчи аялы бугу энебизден Жаманкул, Бапа деген эки уруу тараган. Биринчи аялы Тообукта. Андан Боор тукуму. Бир күнү ошол бугу эне өзү тың чыгып, токол болсо да бугу эненин мыктылыгынан атагы кыйын чыгып кеткен экен. Ал өзү касиеттүү болуп. Күйөөсү да мыкты таанылып, беш мырзанын тукуму Бугу деп аталып калган. Кайнатасынын бир туугандарынын бүт тукуму келиндин атынан Бугу уруусу деп аталат. Бугу энебиз менен Алсеитти калмактын ханы Чоктөрө деген конокко чакырат. Конокко барып, бир эки күн конок болгондон кийин үчүнчү күнү Калмактын ханы Чоктөрө түн ичинде жигиттерине буйрук берет. “Эртең ууга  чыгып, ошол жерден Алсеитти атып өлтүрөбүз дагы Бугу аял сулуу экен, аны алып калабыз” деп жатканын Чоктөрөнүн Чегимжан деген он алтыга чыгып калган кызы угуп калат. Алсеит узун бойлуу, сулу жуздү киши болгон экен, Чегимжан Алсеитти жактырып калып, Алсеитке укканын айтып, өзүнүн күлүк аттарынан үч ат алып келет экен да өзү да кошулуп качып кетет. Ал кыз келгенде бугу энебиз баягы кызды Алсеитке токолдукка өзү экинчи аялы калмактын кызы Чегимжанды алып берген экен. Ал калмактын кызын алып келгенден кийин ал кызды албайм дейт экен. Бою узун, кара торунун сулуусу экен. Алгын мындан жалгыз бөгөл туулат деп, ошону алдырган экен. Ал калмак кыз элдин "Бугу эненин касиети күчтүү" деп жүрушкөнүн угуп, анда кызматын кылып жүрөт. Бугу энебиз жуунуп жатканда, жуунганын көрөйүн деп, боз үйдүн тешигинен шыкаалайт. Караса, Бугу эненин башында мүйүз бар экен. "Бул бекер эмес экен" деп калат. Бугу эне чакырып, башын жууган сууну төгүп кел дейт. Ошол сууну Чегимжан ичип алат. Көп жолу төктүргөн экен, көп жолу ичип алат. Акыркы жолкусунда ичип жатканын көрүп калып, бата берип, өзүнөн кийинки аял кылып күйөөсүнө алып берет экен. Анан андан Туума Чолок деген туулган. Туума Чолок деп аталып калган себеби, (кээде Туума кашка деп да аталып жүрөт. Туума кашка дегени маңдайы жазы киши болгон экен.) Туума чолок деген бою узун атасындай, анан кандай тон кийбесин колу кыска болуп калчу экен. Экинчи токолдун баласы болгондуктан жалаң жылкыда жүргөн экен. Ошентип жүргөндө Тууманын таятасы болгон Чоктөрө кыргыздарды чаап, Жаманкул менен Бапаны колго түшүрүп кетет. Ошондо Туума атасы Алсейиттен суранып, "Артынан барып ажыратып келейин" - десе “Көз көрүнөө бир туугандарымдан айрылдым, эми сенден айрылганда болбойт, барба!" деп болбой коет. Ошондо көгөрүп жатып жөнөгөн экен. Көгөргөндө атасы: “Мейлиң балам жаздын күнү бар,  азыр кыштын күнү ашуу бекип, суулар тоңуп калды” – деп жибербей коет. Белекке Жаманкулдун тору атын таптатып, жазында тору атты минип алып, калмактын чегине жеткенде жылкысын тийип качат экен. Калмактын жылкычылары кууп жетип, колго түшүрүп алып, хандын алдына алып барганда, эмне айдап кеттиң десе, "Мен Чегимжандын баласымын, сиз менин таятамсыз, мага энчи бере элексиз, ошол энчимди айдап кеттим" дептир. "Энчиңдин ордуна жылкыны ташта, эмне кааласаң ал" дегенде ошол эки агамды бошотуп бер деп эки агасын бошотуп келиптир. Ошондон кийин тең ата болуп жашап калган экен.

 

Санжырачы: Улан Исмаилов

Жазып алган: Кыял Тажиева                                                   Уландысы бар.